Макрон Франциядагы мусулман лидерлерине катуу талап койду
Француз лидери Эммануэль Макрон өз өлкөсүндөгү мусулман имамдарына катуу талап койду. Макрон имамдарды 15 күндүн ичинде республикалык баалуулуктардын уставдарын кабыл алуу керектигин айтты. Бул тууралуу LCI телеканалы 19-ноябрда билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Устав динди билимден жана мамлекеттен катуу бөлүп салууну, ошондой эле мусулман жамааттарынын жашоосуна чет элдик кийлигишүүгө тыюу салууну билдирет.
18-ноябрда Макрон менен болгон жолугушууда француз мусулмандарынын лидерлери даават кылуу үчүн расмий аккредитация бере турган улуттук имамдар кеңешин түзүүнү макулдашышкан.
Эскерте кетсек, 29-октябрь күнү эртең менен, Тунистин 1999-жылы туулган тургуну Ниццадагы Нотр-Дам чиркөөсүндө адамдарга бычак менен кол салган. Үч адам өлтүрүлгөн: эки аял жана 55 жаштагы чиркөөнүн кызматкери. Дагы бир нече адам жаракат алышкан.
Өлкөнүн антитеррордук прокуратурасынын маалыматы боюнча, кол салган адам Францияга 9-октябрда келген. Кармоо учурунда ал жаракат алган.
Ссылка: https://barometr.kg/makron-franciyadagy-musulman-liderlerine-katuu-talap-kojdu
Добавить комментарий ×