"Маймак" темир жол станциясында ЕАЭБдин алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункт иштей баштады
Бөлүшүү:
Мамлекеттик салык кызматы Талас облусунун Кара-Буура районунда жайгашкан “Маймак” темир жол станциясында Кыргызстанга темир жол менен товарларды ташып киргизүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункту иштей баштагандыгын билдирет. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирди.
Ушуга байланыштуу, "Маймак" станциясына темир жол менен товарларды алып келүүчү импорттоочулар андан ары салык салуу жана башкаруу үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан импорттолуучу жүктөргө эсеп жүргүзүүгө жана документтерге белгилөөгө милдеттүү.
Бул пункт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы токтомунун алкагында иштей баштады.
Добавить комментарий ×