Жалал-Абад ОИИБи: Милиция илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштерин улантууда
Бөлүшүү:
Майлуу-Суу жана Кара-Көл ШИИБдери тарабынан коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери үй карантинге алынган жарандарды тиешелүү талаптарды бузбай, себепсиз эч жакка барбоого чакырышты. Азыркы учурда өлкөбүздө жугуштуу илдеттин толкуну басаңдай электиги айтылып, беткаптарды тагуу менен бирге өз саламаттыгына кам көрүүгө үндөштү.
Мындан сырткары шаар тургундарына жөнү жок көчөгө чыкпоо керектиги эскертилип, санитардык жана жеке гигиеналык талаптарды толук кармануу зарылдыгы белгиленди.
Ссылка: https://barometr.kg/majluu-suuda-miliciya-kyzmatkerleri-tshndr-ishterin-zhrgzd
Добавить комментарий ×