Майк Тайсондун машыгып жаткан видеосуна Хабиб Нурмагомедов суктанды
Бөлүшүү:
UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов легендарлуу мушкер Майк Тайсондун машыгып жаткан видеосуна суктанды.
Тайсон Инстаграм баракчасына машыктыруучусу менен машыгып жаткан видеосун жарыялаган болчу.
“Майк, мен ишене албай турам. Бул таптакыр башка деңгээл”, — деген пикирин Нурмагомедов комментарийге жазган.
Эске салсак, легендарлуу мушкер учурда 53 жашта. Ал профессионалдык карьерасын 2005-жылы токтоткон. Ал өз карьерасында 50 жолу жеңишке жетип, 6 жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Ссылка: https://barometr.kg/majk-tajsondun-mashygyp-zhatkan-videosuna-habib-nurmagomedov-suktandy
Добавить комментарий ×