Махачкалада балдардын массалык уулануусу катталууда

13 октябрь 2020 12:17 621 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Махачкаладагы бала бакчалар кичинекей балдардын массалык уулануусунун себептерин билүү үчүн үч күнгө жабылды. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

9-октябрь күнү, Дагестандын Саламаттыкты сактоо министрлиги курч ичеги-карын инфекциясы менен ооруган 42 баланы ооруканага жаткыргандыгын жарыялаган: алардын 36сы бала бакчалардан, төртөө мектеп окуучулары, экөө бала бакчага барбаган балдар.

 10-октябрда дагы төрт бала ооруканага жаткырылганы маалым болгон. Бүгүн, 13-октябрда 25 бейтап үйүнө чыгарылган.

Окуянын себептерин аныктоо үчүн Роспотребнадзордун адистери иш алып барып жатышат.

"Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелери убактылуу, үч күнгө чейин балдарды кабыл албайт. Бардык билим берүү мекемелеринде башталгыч класстарда тамак уюштуруу үч күнгө токтотулган", - деди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Вадим Дибияев

Анын айтымында, үч күндүн ичинде курч ичеги-карын инфекциясы кайталанып кетпеши үчүн бардык бала бакчалардын тамак-аш блокторунда дезинфекциялык каражаттарды колдонуу менен жалпы тазалоо иштери жүргүзүлөт.

"Ата-энелерден сабырдуулукту жана түшүнүктүүлүктү суранам. Бардык иш-чаралар биздин балдардын коопсуздугу үчүн өткөрүлөт", - деп түшүндүрдү Дибияев

Ссылка: https://barometr.kg/mahachkalada-bardyk-bala-bakchalar-massalyk-uulanuudan-ulam-ubaktyluu-zhabyldy



Добавить комментарий