Мадонна Лондондогу митингке балдакчан катышты

9 июнь 2020 15:37 1091 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мадонна АКШда полиция тарабынан өлтүрүлгөн Джордж Флойдун өлүмү боюнча расизмге каршы Лондондо өткөн митинге катышты.

61-жаштагы американын поп-дивасы жансакчылары менен балдак таянып барып нааразычылык акциясына катышты. Буга чейин Мадонна март айында өткөргөн концертинде бутун кокустатып алган.

Мадонна пандемия учурундагы коопту абалга карабай беткап тагынбай барган. Ал ага чейин COVID-19 менен ооруганын, бирок аны билбегенин айткан.

Нааразычылык акциясынын 10 миңдей катышуучусу Black lives matter жүрүшүн колдоо менен, АКШнын полициясына карата нааразычылык акциялары Лондондун жана Улуу Британиянын башка шаарларында да митинг уюшулган. Анын жүрүшүндө 20 ашуун полиция кызматкери жаракат алган.

Эске салсак, Америкалык кара түстүү жаран Джордж Флойд 25-майда дүкөндөн жасалма акча менен кармалды деген айыптоонун негизинде полиция тарабынан кармалып, колуна кишен кийгизилген, ага карабай укук коргоо кызматкери 8 мүнөт бою Флойд каршы көрсөтпөсө да анын мойнун тизээси менен басып турган. Анын кесепетинен Флойд каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/madonna-londondogu-mitingke-baldakchan-katyshty



Добавить комментарий