Маданият министри Султан Жумагулов мезгилсиз дүйнө салды

8 октябрь 2018 09:15 1416 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү 59 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу министрдин жакындары билдирди. Белгилүү болгондой Султан Жумагулов онкологиялык оору менен канча жылдан бери күрөшүп келген. Чет өлкөлөрдө көп жолу дарыланып, операция дагы болгон. 

Султан Жумагулов кесиби боюнча журналист.1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2017-жылдан бери министрликти аркалап келе жаткан. Ага чейин белгилүү ББС радосунда, КТРК, Азаттык, Эркин-Тоо, ЭлТРде жетекчилик кызматтарда иштеп келген. 


Ссылка: https://barometr.kg/madaniyat-ministri-sultan-zhumagulov-mezgilsiz-djn-saldy



Добавить комментарий