Маданият министри Болот Шамшиевге жолугуп, акчалай жардам берерин айтты
16 – ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ССРДин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана актер Болот Шамшиев менен жолугушту. Бул тууралу министирликтин пресс-кызматы маалымдады.
Жолугушууда министр кыргыз киносунун кереметине негиз салуучулардын бири Болот Шамшиевдин өзгөчө сиңирген эмгегин баса белгилеп, терең ыраазычылык билдирди.
“Кыргыз киносу бүгүнкү күндө Сиздей корифейлерге муктаж. Акыркы кездерде кино тармагы бир катар ийгиликтерди жаратып, кыргыз киносунун керемети менен, дүйнөнү багынтууга аракет жасап жатат. Ал эми ошол жетишкендиктердин көч башында Сиз турасыз! Жакынкы арада Сиздин башыңыздан өткөн окуяга жалпы маданият жана искусство кызматкерлери кайдыгер карап тура алган жок", - деп баса белгилеп, Шамшиевге жалпы маданият жана искусство кызматкерлеринин атынан акчалай материалдык жактан колдоо тапшырды.
Сүйлөшүү учурунда, Шамшиев келечекте кандай иш – пландары бар экендигин айтып, маданият тармагына бир катар теле долбоорлорун сунуштады.
Эскерте кетсек, 2018 – жылдын 8-ноябрь күнү кечинде Шамшиев жашаган үйдүн короосунда токтотулган авто унаа уурдалган. Кийинчерээк, автоунаа Чүй облусунун Молдовановка айылында өрттөнгөн абалда табылган.
Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 77 жашта. Ал тарткан "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмалары күнү бүгүнкү күнгө чейин эфирден берилип келет.
Добавить комментарий ×