Өлүм жазасын алып салуу: Казакстандын депутаттары жаңы мыйзам долбоорун ишке киргизди
Казакстандын депутаттары өлүм жазасын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазып чыккан маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Мухтар Ерман өлүм жазасын алып салууга багытталган Жарандык саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын экинчи факультативдик протоколуна 2020-жылы 28-сентябрда Нью-Йоркто кол коюлгандыгын Мажилистин жыйынында билдирди.
"Протокол биздин өлкө тарабынан өлүм жазасын алып салуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди кабыл алууга багытталган. Комитет бул мыйзам долбоорун кабыл алууга жана 2021-жылдын 23-июнуна чейин корутунду даярдоого даяр", - деп кошумчалады депутат.
Буга чейин, Казакстан өлүм жазасын алып салуу боюнча эл аралык протоколго кошулган, тийиштүү документке БУУнун штаб-квартирасында Казакстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кол койгон.
Президенттин жарлыгы менен Казакстанда өлүм жазасын колдонуу 2003-жылы токтотулган.
Казакстандын президенти өлүм жазасын алып салуу боюнча эл аралык протоколго кошулуу жол-жобосун 2019-жылдын декабрь айында эле баштоону тапшырган.
Добавить комментарий ×