Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча дагы 20 “Бирдиктүү терезе” ачылат

23 июнь 2020 11:51 341 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Бирдиктүү терезенин” негизинде лицензиялоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында айрым облустарда Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Анда 2018-жылдын 29-октябрында Чүй облустук ИИББнын имаратында “Бирдиктүү терезе” негизинде иштөөчү МККБсы ачылган, ал жерде төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

- Жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында соттолгондугу же соттолгон эместиги тууралуу маалымкаттарды берүү;

- Апостилдөө кызмат көрсөтүү;

- Кооптуу жүк ташыган транспорттук каражаттарды коштоо;

- Автоунаа каражаттарына коопту жүк ташууга уруксат берүү;

- Жарандык жана кызматтык курал алууга, коопту жардыруучу материалдарды жана пиротехникалык жасалгалоолорду алууга лицензия үчүн иш-кагаздарды берүү жана кабыл алуу.

Ошондой эле, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Талас, Каракол шаарларында ушундай “Бирдиктүү терезе” негизинде иштеген Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборлору ачылган.

Мындан тышкары, жакынкы арада Республикабыздын аймагында ИИОнун “Бирдиктүү терезе” негизинде иштеген МККБ кошумча 20 пункту ачылат.

2020-жылдын 2-жарым жылдыгында Нарын облусунун Жумгал районунун ИИБда, Талас облусунун Талас райондук ИИБда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондук ИИБда, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Чоң-Алай райондук ИИБда, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы, Чаткал жана Тогуз-Торо райондук ИИБда 13 кошумча Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылат.

Азыркы учурда, “Бирдиктүү терезе” негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча 7 пункту (Ат-Башы, Тоң, Жети-Өгүз, Манас, Өзгөн, Сүлүктү, Таш-Көмүр) “Е-арыз” тутумуна кошулду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ссылка: https://barometr.kg/lknn-ajrym-ajmaktarynda-birdikt-tereze-mamlekettik-kyzmat-krst-borborloru-achylgan



Добавить комментарий