КРдеги консулдар 2,6 млн сомдук 39 даана тепловизор жана 300 коргоочу костюмдарды алып берди

20 апрель 2020 16:35 969 Barometr
Бөлүшүү:
ok

20-апрелде КР ТИМде  КРдагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарынын жана «Rotary Club of Bishkek» коомдук уюмунун каражаттарына сатылып алынган гуманитардык жардамды КРнын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү салтанаты болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти билдирди. 

COVID-19 жаңы типтеги коронавирустан улам чыккан эпидемия менен күрөшүүнү күчөтүүнүн алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетекчилиги жана КР аймагына коронавирустук инфекциянын келишинин алдын алуу жана анын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штаб тарабынан коюлган конкреттүү тапшырмаларга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КРдагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдары жана «Rotary Club of Bishkek» коомдук уюму менен биргеликте өлкөгө зарыл медициналык каражаттарды сатып алуу жана аларды Бишкекке жеткирүү боюнча иш жүргүзүштү. 

КР тышкы иштер министринин Биринчи орун басарынын, КРдагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарынын жана «Rotary Club of Bishkek» коомдук уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн иш-чаранын жүрүшүндө жалпы суммасы 2 млн. 660 миң сомдук 39 даана тепловизор жана 300 коргогуч костюмдар КРнын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн жардамдар үчүн КРдагы чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарына жана «Rotary Club of Bishkek» коомдук уюмуна чын дилден ыраазычылык билдирет. 

Ссылка: https://barometr.kg/lkg-zaryl-medicinalyk-karazhattardy-satyp-aluu-zhana-alardy-bishkekke-zhetkir-boyuncha



Добавить комментарий