Өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт
Бөлүшүү:
14-январда өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда +7…+12, Таласта +6…+11 градус жылуу болору айтылды.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл аймагында 0…+5, Нарын жергесинде —4…-9 градус суук болот.
Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +10…+12, Ошто +8…+10 градус жылуу болору болжолдонду.
Ссылка: https://barometr.kg/lkd-zhaan-chachyn-ktlbjt
Добавить комментарий ×