Республика боюнча коменданттык сааттын талабын 106 киши бузуп, 9 автоунаа айып короого токтотулду

24 апрель 2020 10:35 1009 Barometr
Бөлүшүү:
ok

24-апрелге карата Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде анын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 106 жаран жеткирилип, 9 автоунаа атайын жайларга токтотулду.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 88,
Жалал-Абад шаары боюнча 2,
Ош шаары -боюнча-5,
Нарын шаары-1,
Ат-Башы району боюнча -5,
Сузак району боюнча-3,
Кара-Суу району боюнча-2.
Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3361 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/lkd-zgch-abal-kirgizilgen-ajmaktarda-erezhe-buzgandar



Добавить комментарий