Өлкөдө кар жаап, аба-ырайы кескин төмөндөйт
Бүгүн 13-ноябрда республика боюнча кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.Бул тууралуу Кыргызгидрометтин сайтына жарыяланды.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° градуска чейин суук, күндүз -0…-5° градус сууктун тегерегинде;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° градус суук, күндүзү 0…5° градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° градуска чейин суук, күндүзү -3° градус сууктан +2° градуска чейин жылуу;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9° градус, күндүз 0…-5° градус суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15° градус, күндүз -1…-6° градус суук болору күтүлүүдө.
Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17° градус, күндүз -4…-9° градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25° градус, күндүзү -10…-15° градус суук болушу күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/lkd-kar-zhaap-aba-yrajy-keskin-tmndjt
Добавить комментарий ×