Өлкөдө чөнтөк телефондорду каттоо сунушталууда

25 июль 2018 03:20 958 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Мобилдик байланыш түзүлүштөрүн  идентификациялоо  КР ЖК депутаттарынын демилгеси менен 2013-жылда толуктоо киргизилген. «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (9-1-беренеси) каралган. Мыйзамда Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык мобилдик каражаттардын эл аралык идентификаторлору ( коддору) Мамлекеттик идентификациялоо системасынын маалыматтар базасына киргизилиши керектиги каралган. 

Мобилдик каражаттарды  каттоо өлкө үчүн өтө маанилүү, себеби бул мыйзам жарандарды телефон уурдоодон, котрабандалык жана кроонтрафакттык (калкка заводдон чыгарылган деп алдап сатылган) продукциялардын алынып келишинен сактайт, ошондой эле санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн берилишин башаты болуп саналат. Уурдалган телефондорду колдонууга мүмкүн болбой калат.

Мындан сырткары, терроризмге жана экстремизмге каршы туруу сыяктуу коомдук коопсуздукту камсыз  кылууга болот.  

Бир эсептик көрсөткүч 100 сомго барабар, бул КР ЖК  2006-жылдын       15-июнундагы № 115 III токтомуна ылайык эсептик көрсөткүчтүн минималдуу  өлчөмү.

Мобилдик каражаттарды каттоо өлкөгө ташылып келген учурда бир гана жолу жүргүзүлөт. Каттоону ташып келүүчүлөр жүргүзөт.

Калган бардык учурларда телефондун ээси алмашкан же болбосо сим-карта алмаштырылган учурда телефонду кайра тариздөө акысыз жүргүзүлөт.

Азыркы учурда мобилдик телефондору бар жана аларды пайдаланып жаткан жарандар үчүн каттоо акысыз жүргүзүлөт. Абоненттердин маалыматтарын байланыш операторлору беришет. Бул рынокту ачыктоого шарт түзөт. Мисалы, Азербайжанда мындай каттоо 5 манат турат, бул болжол менен 200 сомду түзөт. 

Үйдөн  сыртка чыкпастан эле онлайн режимде каттоодон өтүүгө болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/lkd-chntk-telefondordu-kattoo-sunushtaluuda



Добавить комментарий