Садыр Жапаров инклюзивдик билим берүүнү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү мекемелеринде инклюзивдик билим берүүнү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Президент Садыр Жапаров «КРнын айрым мыйзам актыларына („Билим берүү жөнүндө“, „Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө“ КРнын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КРнын мыйзамына кол койду.
Мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 10-февралында кабыл алынган.
Мыйзамдын негизги максаты мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү мекемелеринде инклюзивдик билим берүүнү киргизүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын билим алуусуна шарт түзүү, ошондой эле билим берүү жаатындагы айрым ченемдерди тактоо, болуп эсептелет.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-ajrym-myjzam-aktylaryna-zgrtlr-kirgizildi
Добавить комментарий ×