Өлкөдө 9 айдын ичинде 333 коррупциялык кылмыш аныкталды
Бөлүшүү:
Ушул жылдын эсеби боюнча 9 ай ичинде өлкөдө 333 коррупциялык кылмыш аныкталды. Анда келтирилген чыгаша 423,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыркыга салыштырмалуу кылмыштардын саны 70, ал эми чыгашанын көлөмү 223,7 миллион сомго өскөн. Кылмыш иши козголгондон кийин бюджетке 154,3 миллион сом кайтарылган.
Мындан сырткары мамлекеттик сатып алууларга байланышкан бюджеттик каражаттан уурдалган 95 факты катталды. Ага карата 91 кылмыш иши козголуп, бюджетке 18,1 миллион сом кайтарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/lkd-9-ajdyn-ichinde-333-korrupciyalyk-kylmysh-anyktaldy
Добавить комментарий ×