Өлкө башчы Сокулук районунун тургундары менен жолугушат

9 январь 2019 10:49 1049 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн 9-январда Чүй облусунун Сокулук районуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Иш сапарынын алкагында президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушат, «Агропродукт Азия»  айыл чарба логистикалык борбору жана «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу ишкана менен таанышат.

Жээнбеков ошондой эле Сокулук районундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо борборуна да барат.

Ссылка: https://barometr.kg/lk-bashchy-sokuluk-rajonunun-turgundary-menen-zholugushat



Добавить комментарий