Лионель Мессинин голу “Барселона” клубунун тарыхындагы эң мыкты гол аталды
“Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин голу “Барса” тарыхындагы эң мыктысы аталды. Бул тууралуу клубдун расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык клубдун тарыхындагы эң мыкты голго болгон добуш берүү аяктады. Бул сурамжылоого “Барселона” клубунун дүйнө жүзү боюнча 500 миңден ашык күйөрмандары катышкан.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 60 беттешүүдөгү голдор тандалып алынган. Натыйжада 4 гол эң мыкты деп тандалып алынды. Анын үчөө атактуу футболчу Лионель Мессиге тийешелүү, ал эми бирөөсү Серджи Робертонун голу болуп саналат.
Эң мыкты гол катарында Мессинин 2006-2007-жылдардагы сезонунда Испания Кубогу алкагында “Хетафе” клубунун дарбазасына киргизген голу саналды. Бул гол добуш берүүнүн 45 пайызга алган.
Ссылка: https://barometr.kg/lionel-messinin-golu-barselona-klubunun-taryhyndagy-e-mykty-gol-ataldy
Добавить комментарий ×