Лионель Месси “Барселонадан” кетти
Бөлүшүү:
Лионель Месси Испаниянын «Барселона» футбол клубунан кетти. Бул тууралуу команданын басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.
Анын “Барселона” менен түзгөн келишиминин мөөнөтү 30-июнда аяктады. Клуб 34-жаштагы футболчу менен жаңы келишимди узарта алган жок, анткени Испаниянын чемпионатынын регламенти боюнча лига клубдун чыгашасы анын кирешесинин ашып кетсе келишим түзө албайт.
“Эки тарап тең оюнчу менен клубдун каалоосу аткарылбай калганына катуу өкүнөт”,-деп айтылат маалыматта.
Лионель Месси клуб үчүн 17 сезон ойногон.
Ссылка: https://barometr.kg/lionel-messi-barselonadan-ketti
Добавить комментарий ×