Линолеумду контрабанда жолу менен ташып кирүү фактысы ачыкталды

28 июль 2018 02:45 1111 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери менен Түштүк ыкчам бажысынын бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бирге бар болгон маалыматтар боюнча бирдиктүү иш-чаралардын планынын алкагында ыкчам-издөө иштерин жүргүзгөн, натыйжада ушул жылдын 8-июлунда  Ноокат районунун Бел-Өрүк айыл аймагында “Хундай Портер” автоунаасы табылган. Бул маалыматты ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Автотранспорттун жүк салынган жагын караганда, тийиштүү документтери жок 29 рулон линолеум табылган. 

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
204-беренесинде (контрабанда) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. 

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/linoleumdu-kontrabanda-zholu-menen-tashyp-kir-faktysy-achyktaldy



Добавить комментарий