Өлгөндөн кийинки жашоо: жашыруун тажырыйба окумуштуулардын үрөйүн учурду

28 март 2019 16:29 15376 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва шаарындагы крематорийлердин биринде жүргүзүлгөн жашыруун тажрыйбанын жыйынтыктары ачыкка чыкты.  Бул тууралуу social.dnpmag.com булагы жазды.

Бул абдан эле үрөй учурган эксперимент 1996-жылы жасалган. Анда өлгөн адамдын денесине энцефалографты (баш мээнин электро-магниттик толкундарын, мээнин активдүүлүгүн аныктай турган аппарат) жайгаштырышкан жана сөөктү отко алып барышкан.

Окумуштуулар энцефалограф температуранын өзгөрүшүнө эч кандай реакция бербейт деп бекем ишенишкен. Бирок тажрыйба жүргүзгөндөрдүн жүрөгүн шуулдаткан факты катталган.  Энцефалограф күтүүсүздөн эле тирүү адамдыкындай, болгондо да корккон адамдыкындай белгилерди көрсөткөн.

Мындан улам өлгөн адам өлгөндөн кийин да коркуу сезимдерин жоготпой, ал тургай кандайдыр бир эмоцияларга мээси реакция бериши мүмкүн деген жыйынтык чыгарышкан.

Тажрыйба жүргүзүүчүлөр бир бөлүгү буга ишенбей белгилер адам каза тапкандан кийинки мээдеги химиялык реакциялардын жүрүшүнөн улам болду деп чыгышкан.

Айтор бул тажрыйбанын анык жообун такташкан эмес.

 

Ссылка: https://barometr.kg/lgndn-kijinki-zhashoo-zhashyruun-tazhyryjba-okumushtuulardyn-rjn-uchurdu



Добавить комментарий