Өлгөн жигит ак кепиндеп көмгөнү жатканда тирилип кетти

4 июль 2019 12:31 4978 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Лакхнау шаарында 20 жаштагы жигит кепинге алып, көмөрдө кыймылдап жиберген. Бул тууралуу NDTV маалымат порталы кабарлады.  

20 жаштагы Мохаммед Фуркан (Mohammad Furqan) жума күнү, 21-июнда унаа кырсыгына кабылган. Дүйшөмбү күнү 24-июнда дарыгерлер аны каза тапты дешип туугандарына денесин беришкен. Кайгыга катуу чөмүлгөн үй-бүлө аны жерге берүүгө камданган.

Фуркандын денесин жерге бергени жатышканда туугандарынын бири анын кыймылдап жатканын байкап калган. Жигитти токтоосуз түрдө башка ооруканага жеткиришти жана анын тирүү экенин билген дарыгерлер жасалма дем алыруучу аппаратка кошушту. Дарыгерлер анын тамыр кагышы, кан басым калыбында экенин жана рефлекстери кадыресе иштеп жатканын айтышты.

Фуркандын агасы Мохаммед Ирфан (Mohammad Irfan) жеке менчик ооруканага 700 миң рупий төлөшкөнүн, акча жок калды деп айтышкандан кийин анын инисин өлдү деп ооруканадан чыгарып берип айтып арызданды.

Шаардын башкы дарыгери ишти көзөмөлгө ала турганын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/lgn-zhigit-ak-kepindep-kmgn-zhatkanda-tirilip-ketti



Добавить комментарий