Ленин райондук сотунун судьясы: "Орусча сүйлөгүлө, болбосо отурумду жылдырам же котормочу алып келгиле"
Бөлүшүү:
Ленин райондук сотунун судьясы Таалайкүл Кадыркулова соттук отурумда кыргызча сүйлөйм деген күбөлөргө "Орусча сүйлөгүлө, болбосо отурумду кийинкиге жылдырам, котормочу алып келесиңер"- деп коркуткан. Бул тууралуу отурумдагы күбө фейсбуктагы группалардын бирине жазды.
Интернет колдонуучулар "Бул эмнеси? Эмне үчүн Кыргызстанда кыргыз кыргызча суйлөбөш керек?-деген суроолор менен көпчүлүк Ленин райондук сотунун судьясына карата чара колдонулушу керектигин талап кылышты.
Добавить комментарий ×