Лейлекте май куюучу станциядан өрт чыкты

5 июль 2018 20:00 1187 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Лейлекте  май куюучу станциядан өрт чыкты

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Билдирүүгө таянсак, кырсык Жаштык айылында, 2018-жылдын 4-июлунда, кечки саат   2030да катталган. Аны  өчүрүүгө министрликтин бир нече ыкчам тобу жана кызматкерлер тартылып, таңкы саат 0525ке карата толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн  кесепетинен   май куючу станциятолугу менен күйүп, мындан тышкары, анын кеңсеси, 5 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2спринтер, 1 жеңил унаа күйгөн. Ошондой эле, 4 адам жабыркаган, анын бирөөкыргыз жараны, калган үчөө тажик жараны. Кыргыз жараны Кулунду айылындагыооруканага жаткырылган. Ал эми тажик жарандарын өздөрүнүн ооруканасына алып кетишкен. Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.  

Ссылка: https://barometr.kg/lejlekte-maj-kuyuuchu-stanciyadan-rt-chykty



Добавить комментарий