Лейлекте белгисиз адам айылдык кеңештин төрагасын атып кетти

7 ноябрь 2018 15:05 906 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Баткен областынын Лейлек районун Жаңы-жер айылдык кеңешинин төрагасы 32 жаштагы Кубаныч Баяновду белгисиз адам атып кети.
Бул тууралуу укук коргоо органдары маалымат беришти. 

Маалыматка караганда Кубаныч Баянов  айылдык кеңештин төрагасы  болгон. Кылмыштуу окуя 5-ноябрда кечинде болуп, жабырлануучу Тажикстандын Кожент шаарындагы ооруканага жаткырылган.

Аткан адам изин жашырууга жетишкен.Факт боюнча Лейлек райондук Ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө башталды. Окуянын чоо-жайы белгисиз

Ссылка: https://barometr.kg/lejlekte-belgisiz-adam-ajyldyk-keeshtin-tragasyn-atyp-ketti



Добавить комментарий