Легендарлуу баскетболчу Коби Брайанттын өлүмүнө учкучтун шалаакы мамилеси себепкер болгон
АКШнын Улуттук транспорттук коопсуздук кеңеши Улуттук баскетбол ассоциациясынын беш жолку чемпиону Коби Брайанттын тик учагынын кулашынын себептерин жарыялады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, тик учак өтө бийиктеп кетип булуттун арасына кирип кеткендиктен, ал багытын жоготкон. Булуттар аркылуу учуу мамлекеттик коопсуздук стандарттартты бузгандык деп билдиришти.
Адистер учкуч Ара Зобаян кырсыкка күнөөлүү экенин айтышып, ал эрежелерди сактабай өтө бийик көтөрүлүп кеткендиктен алдындагы асканы көрбөй калып багытын жоготуп жиберген дешет. Түштүк Калифорниядагы аска менен кагылышуудан бир аз мурун учкуч диспетчерлерге бийиктикке кетип баратканын айткан, бирок чындыгында ал ылдый түшүп кеткенин байкаган эмес.
Каргашалуу окуя Калифорнияда 2020-жылы 26-январда болуп, Брайант, анын кызы Джанна жана дагы жети адамдын өмүрүн алган.
Коби Брайант 2016-жылы спорттогу карьерасын жыйынтыктаган. Ал Лос-Анджелестин “Лейкерс” командасында 20 сезон ойногон, беш жолу чемпион болгон. Ал “Жылдыздар Оюнуна” 18 жолу катышкан, ошондой эле ал эң баалуу оюнчу деп табылган. АКШ курама командасынын курамында баскетболчу 2008-2012-жылдары Олимпиада оюндарында жеңишке жетишип, 2007-жылы Америка чемпиондугун жеңип алган.
Добавить комментарий ×