Өлбөстүн гүлү: Иерихон розасынын сырын таба албай жатышат

25 март 2019 16:49 2560 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чөлдө өскөн бул өсүмдүктү түбөлүк жандуу гүл деп атап коюшкан. Учурда Иерихон роза гүлүнүн сырын окумуштуулар изилдеп жатат. Бул тууралуу social.dnpmag.com булагы кабарлоодо.

Анын өзгөчөлүгү аптаптуу тийген күн нурунан толук бойдон куурап калып, бирок бир тамчы суу жетери менен кайрадан өсө баштайт. Гүлдүн бул өзгөчөлүгү окумуштуулардын көңүл борборунда болуп келет.

Куураган абалда Иерихон роза гүлү бир канча жыл бою тура берет, бирок бир аз гана ным болуп калса дароо ойгоно калат.

Гүлдүн түзүлүшү, морфологиясы жана физиологиясы толук бойдон суу кабыл алууга ыңгайлашкан.

Куурап сары өңдө болуп турганы менен сууга кенен каныкккан кезде кочкул жашыл жалбырактарга ээ болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/lbstn-gl-ierihon-roza-glnn-syryn-taba-albaj-zhatyshat



Добавить комментарий