"Лагуна сити" пансионатында 1000 чарчы метр танхаус толугу менен өрттөндү

26 июль 2018 19:10 967 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ 25-июлда саат 18:20да Кожояр айылында жайгашкан "Лагуна Сити" пансионатындагы таунхаустан өрт чыккан. Өрт саат 20:06да чектөөгө алынып, өрттүн мындан ары өөрчүшүп кетишине жол берилген жок деп билдирет Ысык-Көл облусунун өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан. Өрт болгон жерде жергиликтүү тургундардан 3 эркек адам II даражада күйүк алышып, Ананьево айылындагы ооруканага жаткырылган. Өрттүн кесепетинен жыгачтан курулган жалпы аянты 1000 чарчы метр таунхаус толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын  келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдары такталууда.  

Ссылка: https://barometr.kg/laguna-siti-pansionaty-rttnd



Добавить комментарий