Күз айларында Кыргызстанда сасык тумоогоо каршы эмдөө башталат

20 август 2020 10:00 856 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күз айларынан баштап сасык тумоо менен ооругандар көбөйөт. Анын жайылышынын алдын алуу максатында калкты эмдөө сентябрь айынын аягында, вакцинанын берилишине жараша башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Ага ылайык, сасык тумоонун көбөйүшү суук түшкөн мезгилде башталып март айына чейин созулат. Буга сасык тумоо вирусунун төмөн температурага туруктуулугу жана гипотермия учурунда адам организминин коргонуу деңгээлинин төмөндөшү шарт түзөт.

Коронавирус менен катар башка вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун жайылышын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тобокелдик тобун аныктап, гриппке жана пневмококко каршы вакциналарга болгон муктаждыкты эсептеп чыгышкан

Алдыдагы эпидемиялык сезонго (күз-кыш) даярдануу максатында тендер өткөрүлүп, тумоого каршы 135 миңден ашуун вакцинаны жеткирүү боюнча келишим түзүлдү жана тобокел тобундагылар үчүн дагы 700 миң дозада гриппке каршы эмдөө каражаттарын сатып алууга кошумча арыз даярдалды.

Сасык тумоонун этиологиялык түзүлүшүн жана жаңы түрлөрүн аныктоо, ошондой эле башка курч респиратордук вирустук инфекцияларды диагноздоо үчүн 1000 даана изилдөөгө реагент жана тест-системаларын сатып алууга өтүнмө берилген.

Биринчи кезекте эмдөөдөн тобокел тобуна кирген медициналык кызматкерлер, өпкөнүн, жүрөктүн, боордун, бөйрөктүн өнөкөт оорулары бар жарандар, көп ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн жана интернат-мектептердин тарбиялануучулары, кош бойлуу аялдар, диабет менен ооруган жана 65 жаштан ашкан карылар өткөрүлөт.

Премьер-министр Боронов буга чейин калктын социалдык аялуу катмары гриппке каршы акысыз эмделерин билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/kz-ajlarynda-kyrgyzstanda-sasyk-tumoogoo-karshy-emd-bashtalat



Добавить комментарий