Кыз Манас проспектисиндеги көпүрөдөн унаасы менен кулап кетти

22 апрель 2019 11:35 1158 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте болгон жол кырсыгында аял киши айдап бара жаткан унаа көпүрөдөн аварияга кабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

22-апрелде түнкү саат 3:32де Лев Толстой көчөсү менен бара жаткан “Honda CR-V” унааснын айдоочусу рулду башкара албай калып жолдон чыгып кетип көпүрөдөн төмөнгө карай Манас проспектисине кулаган.

Жол кырсыгынан улам 1996-жылы туулган Р.А. жабыркады. Учурда ал бейтапканга жаткырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyz-manas-prospektisindegi-kprdn-unaasy-menen-kulap-ketti



Добавить комментарий