“Кыз” аттуу ыры менен шоу бизнеске кадам таштаган Зереден эми “Башталось”

13 декабрь 2018 12:23 1602 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Кыз” аттуу ыры менен шоу бизнеске кадам таштаган Зере жакында “Башталось” аттуу ырлар жыйнагын угармандарга тартуулаганы турат.

Зере “Кийинки альбомум качан чыгат азырынча белгисиз” дейт. Бул ырлары менен коомчулукту, өзүнүн күйөрмандарын кубандырарын убада кылды.

Белгилей кетсек Зеренин бул биринчи альбому. Өзү айткандай анын башкалардыкындай продюсери жок. Ыр жыйнака камтылган ырлардын баардыгын өзү жазган.

Эске салсак Зеренин “Кыз” аттуу ыры коомчулукда ар түрдүүпикирлерди жаратканы көпчүлүктүн эсинде. Бул ыры аркылуу анын жашоосуна да коркунуч туулган. Бул тууралуу “Азыр болсо баардыгы жайында. Мен чыгармачылыгымды улантып жатам. Менин альбомума бардык ырларым камтылды. “Кыз” аттуу ырымдан мурда жазылган ырлар да бар” - деп маалымат таратты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyz-attuu-yry-menen-shou-bizneske-kadam-tashtagan-zereden-emi-bashtalos



Добавить комментарий