Кытайлык студент Ысык-Көлгө тоого кеткен боюнча дайынсыз болууда

19 август 2022 16:44 876 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдөн кытайлык жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, кытай жараны, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик  университетинин 3-курсунун студенти, 22 жаштагы Сай Тун  изделүүдө. 

"Тактап айтканда, Сай Тун Кытай Эл Республикасынын жараны.

Кытай жараны 24-июль күнү Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендиги тууралуу маалыматты 18-августта Ысык-Көл облустук  ИИБнен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына атайын кат аркылуу билдиришкен.

Маалыматтык билдирүүдөн улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук ИИБнинн кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишкен.

Учурда издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/kytajlyk-student-ysyk-klg-toogo-ketip-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий