Кытайдын эң бай адамы Джек Ма Кыргызстанга жардам берди

10 апрель 2020 16:43 815 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам берди. Кытайдан чартердик жүк каттамы менен келген гуманитардык жүк 10-апрелде эл аралык "Манас" аэропортуна келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Гуманитардык жардамдар «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору тарабынан  жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди.

Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.

Жардам көрсөтүүлөр КР Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ Катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде  "Алибаба" жана "Джек Ма" фонддору аркылуу жүргүзүлдү.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 298 кишиден табылып, беш киши өмүрү менен кош айтышты.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdyn-e-baj-adamy-zhek-ma-kyrgyzstanga-zhardam-berdi



Добавить комментарий