Кытайда туристтер бара жаткан автобус өрттөнүп 26 киши каза тапты

23 март 2019 11:00 4969 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын жогорку ылдамдыкты жүрүүчү трассасында туристтер бара жаткан автобус өрттөнүп кетип, 26 киши каза тапты, 30га жакын адам жарадар болду. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги кабарлады.  

Кырсык Хунань провинциясындагы Чанша-Чжанцзяцзе трассасында болгон.   

Автобуста жалпы 56 адам бара жаткан, алардын ичинен 53ү турист, эки айдоочу жана бир гид болгон.Полиция учурда айдоочуларды кармады.

Жабырлануучулар жергиликтүү ооруканага жетирилди, дагы беш адамдын абалы кыйла оор деп белгиленүүдө.

Полиция өрттүн себептерин аныктап, иликтөө жүргүзүү иштерин баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-turistter-bara-zhatkan-avtobus-rttnp-26-kishi-kaza-tapty



Добавить комментарий