Кытайда бала бакчанын жанында бычак көтөргөн киши адамдарга кол салып, 7 бала жаракат алды

22 сентябрь 2020 15:24 481 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын түштүгүндө бычак менен куралданган адам бала бакчанын жанынан өтүп бара жаткан адамдарга кол салып, жети адамды жарадар кылды. Бул тууралуу ТАСС агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Окуя Гуанчжоу шаарынын (Гуандун провинциясы) Паню районунда 21-сентябрь күнү эртең менен болгон. Кол салуунун натыйжасында башталгыч класстын төрт окуучусу, бала бакчага бара жаткан бир наристе, бир чоң адам жаракат алды. Эки бала оор жаракат алышты, үчөө жеңил. Жабырлануучулардын бардыгы медициналык мекемелерге жеткирилген.

Кол салган адам полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Тергөө иштери жүрүп жатат, окуянын себептери жана деталдары такталууда.

Буга чейин Санкт-Петербург шаарында кечеден кийин жылаңач орус аял таанышына бычак менен кол салып, андан кийин 13-кабаттын терезесинен кулап кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-bala-bakchanyn-zhanynda-bychak-ktrgn-kishi-adamdarga-kol-salyp-7-bala-zharakat-aldy



Добавить комментарий