Кытайда айдоочу менен аял мушташып жатып аварияга учураган автобустун видеосу

3 ноябрь 2018 09:45 2245 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын Чунцин шаарында жүргүнчү аял автобус айдап бара жаткан айдоочу менен мушташып кетип, жыйынтыгында автобус көпүрөдөн чыгып чоң аварияга учурады. Кырсыктан 13 киши мерт кетип, 3 адам белгисиз болууда. Бул тууралуу кырсыктын видеосу ютуб каналына жарыяланды. Буга чейин кытай полициясы кырсыктын себебин так айта албай башкача версияларды сунуштап келишкен. Автобусту суудан алып чыккандан кийин, андагы тартылып калган видеорегистратордо аял биринчи айдоочуга кол көтөргөн, аялга чыдабай кеткен айдоочу жообун берем деп жүткүнгөндө автобус жодон чыгып кеткен. 

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-ajdoochu-menen-ayal-mushtashyp-zhatyp-avariyaga-uchuragan-avtobustun-videosu



Добавить комментарий