Кытай Кыргызстанга медициналык каражаттарды берди - сүрөт

26 март 2020 12:00 1133 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, коңшу мамлекеттин жардамын 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.  

Гуманитардык жардамды Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары  Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды.

Кытайдан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келди.  Мындан сырткары 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышты.

26-март, саат 9:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 44 кишиден коронавирус табылып, алардын алтоосу реанимацияда экенин кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-kyrgyzstanga-medicinalyk-karazhattardy-berdi-srt



Добавить комментарий