Кытай Би-Би-Си каналынын өлкөдө көрсөтүлүшүнө тыюу салды
Кытай бийлиги британиялык BBC World News телеканалын өлкөдө көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Deutsche Welle сайты жазган маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Кытайдын Улуттук Радио жана Телекөрсөтүү Башкармалыгынын маалыматы боюнча, канал Кытай Эл Республикасынын телерадиоберүү эрежелерин бузган. Телеканалда жарыяланган жаңылыктар, тийиштүү жоболордун талаптарына ылайык, “чынчыл” болгон эместиги айтылат. Мындан тышкары, департамент каналдын жаңылыктары Кытайдын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирип, өлкөнүн улуттук биримдигине доо кетирип жатат деп билдирди.
"Мамлекеттик радио жана телекөрсөтүү башкармалыгы Би-Би-Си жаңылыктарынын Кытайда көрсөтүүсүн улантууга уруксат бербейт. Быйылкы берүүлөргө билдирмелер кабыл алынбайт", - деп айтылат билдирүүдө.
Өз кезегинде Би-Би-Си медиа корпорациясы бул чечимден көңүлү калгандыгын билдирди. Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб телеканалга тыюу салуу чечимин "сөз эркиндигине жол берилгис чектөө" деп атады.
"Кытайда медиа жана интернет эркиндигине карата эң катуу чектөөлөр бар жана бул кадам Кытайдын дүйнөдөгү кадыр-баркына доо кетирет", - деп жазган Рааб өзүнүн твиттердеги баракчасына.
Мындай чечим Би-Би-Синин Кытайдагы уйгур азчылыгын кодулоо боюнча жана коронавируска байланыштуу материалдарынан кийин кабыл алынган.
Буга чейин Улуу Британия Кытайдын Коммунисттик партиясы тарабынан көзөмөлдөнүп турган China Global Television Network (CGTN) телеканалынын лицензиясын алып салган. Андан кийин эле кытай дипломаттары Би-Би-Си жаңылыктарынын мазмунуна нааразы боло башташкан.
Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-bi-bi-si-kanalynyn-lkd-krstlshn-tyyuu-saldy
Добавить комментарий ×