8 жашар кызын жылаңач эшикке чыгарып койгон казакстандык аялдын кылыгы катуу талкууланууда

24 декабрь 2020 14:55 1914 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Интернет колдонуучулары кыштын кыраан суугунда ич кийимчен, бутунда да бут кийими жок эшикте тоңуп олтурган өспүрүм кыздын сүрөтүн катуу талкуулап жатышат. Бул окуя Казакстанда болгон. Бул тууралуу Tengrinews.kz. сайты жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Казакстандын Нур-Султан шаарынын тургуну 8 жаштагы кызын жаза иретинде суукка чыгарып, уулун сабап салган.

Белгилүү болгондой, каардуу эненин жазасынан улам 18-19-декабрь күндөрү кыз коридордо түнөп калган.

Учурда бул сурөт казак коомчулугун көнүлүн бурдуруп, интернет айдыңында терс пикирлерди жаратууда.

Нур-Султан РИИБдин басма сөз кызматы 23-декабрда аларга борбор калаанын тургунунан 6 жаштагы уулун кошунасы сабап жаткандыгы жана 8 жаштагы кызды көчөгө чыгарып жибергендиги тууралуу билдирүү түшкөнүн кабарлашты.

Милиция кызматкерлери балдарын кордогон 35 жаштагы аялды аныкташты, ал мындай ыкма менен балдарды жазалагысы келгенин, балдар уруксаты жок кошунасынан оюнчуктарын алып жүргөн үчүн катуу чара көргөн.

"Бул үй-бүлө Нур-Султандын балдардын укугун коргоочу органдардын каттоосуна алынды. Учурда кырдаал жана бардык жагдайлар ИИМдин кызматкерлери жана Билим берүү башкармалыгынын камкорчулук органдары менен бирге объективдүү чечим чыгаруу үчүн ар тараптуу иликтенип жатат », - деп билдиришти ИИМден.

Ссылка: https://barometr.kg/kyshynda-zhylaach-8-zhashar-kyzyn-eshikke-chygaryp-kojgon-kazakstandyk-ayaldyn-kylygy-katuu-talkuulanuuda



Добавить комментарий