Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарынын кызыктуу сүрөттөрү

2 март 2021 12:55 6995 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барды. Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы президенттин «Ак ордо» сарайында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Мамлекет башчылары учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.

Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң мамлекет башчылары Казакстан Республикасынын мамлекеттик туусуна келип, мамлекеттик символго башын ийишти.

«Ак ордонун» фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.

Ссылка: https://barometr.kg/kysa-kol-alyshyp-krshkn-prezidentter-sadyr-zhaparovdun-kazakstanga-bolgon-ish-saparynyn-kyzyktuu-srttr



Добавить комментарий