Кара-Сууда машина ала салып, бир аял каза болду

13 март 2020 11:12 551 Barometr
Бөлүшүү:
ok

12-мартта Кара-Суу шаарынын В.Ленин көчөсүндө "Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган. 

Жерине 5 куткаруучу барып, каза болгон аялдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган адам тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrsyktyn-kesepetinen-1-ayal-kishi-kaza-bolup-1-erkek-adam-zhabyrkagan



Добавить комментарий