Кыргызстандын жаңы муфтийи болуп Замир Ракиев шайланды

26 июнь 2021 11:22 1733 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын аалымдар кеңеши өлкөнүн жаңы муфтийин шайлашты. Баш калаанын мурдагы казысы Замир Ракиев муфтийликке тандалды.

Шайлоо бүгүн, 26-июнда филармонияда 220 делегаттын катышуусу менен өттү. Муфтийликке тогуз талапкер ат салышкан.

Замир Ракиев 1978-жылы 15-февралда Нарын областынын Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында туулган. 

Бишкектеги медресени аяктаган, Египеттен даярдоо курстарын бүтүргөн. 

Бишкек гуманитардык университетинен чыгыш таануу адистиги боюнча билим алган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zhay-muftiji-bolup-zamir-rakiev-shajlandy



Добавить комментарий