Кыргызстандын жараны өзүнүн кесиптешин бычактап, сөөгүн дааратканага катып койгон

2 апрель 2019 23:56 5135 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Ханты-Мантийский автономиялык округу-Югреде Кыргызстандын жараны жасаган кылмыш ишинин бети ачылды. Бул тууралуу “Уралинформбюро"  маалымат агенттиги  кабарлады. 

Нижневартовский районунда 53 жаштагы калининграддык кармалды, ал дагы башка кыргызстандык жаранды бычактап салган.

Кылмыш иши 2019-жылы февралда болгон. Эркектер өндүрүш базасынын аймагында арак ичип отуруп, чатакташа кетишкен жана айыпталып кармалган адам өзүнүн бөтөлкөлөшүн өлтүрүп тынган. Сөөктү жыгач дааратканага алып барып катып койгон жана базада иштеген башка жумушчуларга  башка объектке иштеп кетти деп маалымдаган.

Сөөктү 35-мартта араң табышкан жана күч органдары киши өлтүргөн кыргызстандыкты кармады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zharany-znn-kesipteshin-bychaktap-sgn-daaratkanaga-katyp-kojgon



Добавить комментарий