Кыргызстандын жараны Алматада дүкөн тоноп кармалды

1 апрель 2019 12:50 2610 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алмата шаарында Кыргызстандын жараны дүкөн тоногонго шектелип кармалды. Бул тууралуу КазТАГ полиция департаментине шилтеме кылуу менен кабарлады.

 “Кыргызстандын жараны Алмата шаарындагы дүкөнгө каракчылык кылып кармалды. Ал өзүнүн мекенинде издөөдө жүргөн. Алматадагы батирлерлердин бирин жалдап алып жашынып жаткан”,-деп айтылат маалыматта.

Ал күндүз эл аз маалда дүкөнгө кирип сатуучу аялды муунткан жана ал каршылык кыла албай калгандан соң кассаны аңтарып акча издеген. Бирок акча таба албай коюп аялдын телефонун тартып алган. Аны кийин телефонду сатып акчасын керектеп салган.

Учурда бул боюнча тергөө иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zharany-almatada-dkn-tonop-karmaldy



Добавить комментарий