Кыргызстандын тоолуу райондорунда күн күркүрөйт

12 август 2020 09:01 1176 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 12-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда 27-32 градус;

Талас жергесинде 25-30 градус;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 30-35 градус ;

Ысык-Көл дубанында 20-25 градус;

Нарын облусунда 21-26 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы 30-32° чейин ысыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-tooluu-rajondorunda-kn-krkrjt



Добавить комментарий