Кыргызстандын мыкты футболчусу Казакстанда ойнойт

28 январь 2020 10:23 2121 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу жана 2019-жылдын мыкты оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Алматынын “Кайрат” клубу менен келишим түздү.

“Кайрат” клубунун маалымат кызматынан кабарлашкандай, келишим эки жылга түзүлүп, бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Белгилей кетсек, былтыр Алыкулов Беларустун “Неман” клубунда ойноп, 24 беттеш өткөргөн.

 Өткөн сезондо Алыкулов “Немандын” мыкты оюнчусу атыккан. Ошондой эле, 2019-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын мыкты оюнчусу болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-mykty-futbolchusu-kazakstanda-ojnojt



Добавить комментарий