Кыргызстандын курама командасынын спорттук формасын көрсөтүштү
Бөлүшүү:
Токиодогу Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын улуттук курама командасынын спортук кийимдери тааныштырылды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Спорттук экипировканы Кытайдын TECTOP компаниясы даярдаган. Комлектке 15 түрдүү кийим кирет. Алар: бир нече футболка, атайын кофталар, ветровкалар, бут кийимдер, баш кийимдер жана башка кийимдер болуп саналат.
Бул форма менен курама команданын мүчөлөрү машыгат, олимпиадалык шаарчада жүрөт жана сыйлык алууга чыгышат.
Кытайдын TECTOP компаниясы Кыргызстандын курамасынын кийимдерин 2018-жылдан бери акысыз берип келет.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-kurama-komandasynyn-sporttuk-formasyn-krstsht
Добавить комментарий ×