Кыргызстандын Казакстандагы элчиси дайындалды

10 октябрь 2018 14:00 1327 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин Кулубаев биздин өлкөнүн Малайзиядагы элчиси болуп, андан кийин  Тышкы иштер министрлигинде Азия, Африка департаментин жетектеп келген.

Эске салсак, Кыргызстандын Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын орду 2 жылдан бери бош турган. Буга чейинки элчи Эсенгул Өмүралиев 2016-жылы кызматтан алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-kazakstandagy-elchisi-dajyndaldy



Добавить комментарий