Кыргызстандын хоккейчилери 2020-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка катышат

31 май 2019 18:06 1424 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын курамасы өлкөнүн тарыхында биринчи жолу хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатынын IV дивизионуна катышарын Barometr.kg сайына кураманын өкүлдөрү кабарлады. Буга кураманын ушул жылдын май айында Словакияда, Братислав жана Кошица шаарларында өткөн Эл аралык хоккей федерациясынын конгрессинде аппеляциядан кийин белгилүү болду.

Эске сала кетсек, бул жылы биздин команда Кувейт, Таиланд, Гонконг, Боснияжана Герцеговина, БАЭ командаларын жеңип ийгиликтерди жаратты. Бирок БАЭ Эл аралык хоккей боюнча эл аралык федерацияга арызданып, биздин спортчулардын жеңиши жокко чыгарылган.

Учурда хоккейчилер чемпионатка катышуу укугун алышты жана 2020-жылы 1-майдан 17-майга чейин Швейцарияда өткөрүлө турган Дүйнөлүк чемпионат 2020 дивизионунун экинчисине чейин жетүүнү пландашууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-hokkejchileri-2020-zhyldagy-djnlk-chempionatka-katyshat



Добавить комментарий